Казакстанда Жогорку соттун төрагасы Жакип Асанов саунадагы судьялар жана прокурорлор менен болгон чуулгандуу видеого байланыштуу Алматы облусунун райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын токтотту.

«Алматы облустук сотунун буга чейин жарыяланган пресс-релизине кошумча. Казакстан Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасы Жакип Асановдун буйругу менен ички аудит жүргүзүү үчүн Алматы облусунун Кербулак райондук сотунун төрагасы Д.Сеитовдун ыйгарым укуктары токтотулган ”, — деп билдирди Казакстандын Жогорку Сотунун басма сөз кызматы.

Эске салсак,буга чейин тармакта саунада тартылган видео пайда болгон. Анын автору кандайдыр бир экскурсия өткөрүп, эс алуусу жөнүндө достору менен сүйлөшөт. Анын айтымында, ал жерде Алматы облусунун райондук сотунун судьясы бар экенин кошумчалайт.