Орусиянын президентти Владимир Путин кол койгон буйрукка ылайык, аскерлер кызмат учурунда жана жыйындарда аудио, фото материалдарды жибере турган, геолокациялык байкоосу бар электрондук аппараттарды колдонууга тыюу салынды.

Путин кол койгон Кууралдуу күчтөрдүн уставындагы өзгөртүүлөр укуктук маалымат боюнча расмий порталга шаршемби күнү жарыяланган. Документте эреже бузгандарга катаал дисциплинардык чара көрүлөрү айтылат.

Эске салсак, мындан бир жыл мурда аскер кызматкерлери жана аскерге чакырылгандарга кызмат учурунда телефон, планшет сыяктуу маалымат сактаган жана Интернетке кошулган аппараттарга тыюу салынган.