Премьер-министр Абылгазиевдин абалы өтө оор. Дүйшөмбү күнү парламенттин алдына отчётко келет. Республиканын түштүгүндөгү жазгы табыгый кырсыктарга эч даярдыгы жок, алдын алуу иштерин жүргүзбөгөн өкмөттү депутаттар талаганы жатышат. Ал ортодо премьер-министр өзү депутаттарга чалып, колдоо сурай баштады эле, ЖК бир ооздон «бажан сенин башыңды жутат» деп айтканбыз, эми ошол бажан сени сактасын» дешип, ал тургай премьердин чалган телефонун албай жатышат.