Коом
Өткөн суткада 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды
Бир сутка ичинде 23 бейтап ооруканадан айыгып чыгарылганын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын ичинен:
Бишкек ш. – 15
Ош ш. – 8
Республика боюнча жалпы 637 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Айыккандар жалпы ооругандардын 70 пайыздан ашыгын түзөт.