Тамада жана куудул Эрнест Бөрүбаев коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин киргизилгенден бери муктаж болгон же мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берип келүүдө.

Өзгөн өнөрпоздордун камтыган курам, жарандарга жардам эле берип калбастан алардын абалын чагылдырган видеолорду социалдык тармактарга жүктөп, татаал тагдырга туш болгондорду коомго ачыктап, бийликке жеткирүүдө.

Аны 6-майда Кыргыз өлкөсүнүн эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров кабыл алды. Министр тамаданын жасаган иштерине ыраазычылык билдирип, ага алкыш баракчасы менен кошо мекеменин коомдук кеңешчиси экенин тастыктаган күбөлүк тапшырды.

«Наристеси менен жолдо калган же кош бойлуу аялдардын жалпы эле коомдун аярлуу катмарларын коомго жакшы жеткирип берип жатасың. Уктап жаткан коомчулукту ойготуп, ушул ишке салып койдуң. Министр катары, бул маселелерге жооптуу адам катары терең ыраазычылык билдирем. Сени менен иштешкибиз келет. Биз айтсак дагы, айтпасак дагы бул ишти кылып жатасың.

Ошондуктан туура көрсөң коомдук кеңешчи деп сага күбөлүк тапшырууну туура деп жатам. Мындан ары кеп-кеңеш, акыл күтөбүз. Тарткан видеолоруң, андагы тагдырлар чынында жүрөгүмдү оорутту», — деп билдирген Бөрүбаевге күбөлүк тапшырып жатып Улукбек Кочкоров.