Коом
7-май: жаңы катталган 24 учурдун жарымы Нарында
2020-жылдын 7-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 24 учур катталды.
Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын ичинен:
Бишкек ш. – 2
Чүй облусу — 4
Ош облусу — 3
Жалал-Абад облусу — 3
Нарын облусу — 12
Республика боюнча коронавирус жуктургандардын жалпы саны 895ке жетти.