6-майда Кой-Таштагы кандуу окуя боюнча сот процесси болмок. Бирок мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаттары отурумга келбей калгандыгына байланыштуу сот процесси 11-майга жылдырылды. Муну менен АША тараптан бешинчи ирет сотту жылдыруу аракети болуп жатат. Атамбаев жана анын командасынын мындай кадамын да туура түшүнсө болот. Анткени алар Кой-Таш окуясында күнөөлөрү тоодой экенин жакшы билет.

Ошол үчүн да ар кайсы шылтоолорду айтып сот ишин создуктурууда. Кой-Таштагы кан төгүүнүн башында тургандардын бири, АШАнын жансакчысы Канат Сагымбаев болсо СИЗО-1де жатып алып оюна келген каттарды жазып, элдин көңүлүн өзүнө буруу амалын көрүүдө. Жакында эле таптакыр кылмыш ишине тиешеси жок саясий маселеге башын тыгып, чалжырактаптыр. Чамасы күнөөсү далилденип, узак мөөнөткө кесилерин сезип калса керек. Чынында Канат Сагымбаев өтө оор кылмыштарда жасаган.

Алар:

-“Альфа” атайын даярдыктагы кызматкерлеринин барымтага алынышын уюштуруу;

— Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу;

— Башаламандыктарды уюштуруу жана ага катышуу;

Ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды уурдоону алдын-ала сүйлөшүү аркылуу уюштуруу;

— “Альфа” кызматкерлеринин өлтүрүлүшүнө жардам берүү (эки эпизод боюнча);

— Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүүнү уюштуруу;

 — Тергөөчүнүн ишине тоскоолдуктарды уюштуруу;

— Тергөө органынын кызматкерине карата зомбулук көрсөтүүнү уюштуруу;

— Кызмат адамынын кызматтык абалын кызыкчылыгына каршы колдонуу;

— “Альфа” атайын күчтөрүнүн командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбековдун өлүмүнө көмөктөшүү. Сагымбаевдин бул кыңыр иштери дээрлик далилденип калганы кабарланууда.

Эми жоопкерчиликтен качуу үчүн кандай аракет кылса да пайда чыкпайт.