Коом

Жумалиев Кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду

Жарандык активисттер тарабынан мыйзамсыз байыган деген пикирди жаратып, коомчулуктун кызуу талкуусун жараткан Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев Кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Текстти өзгөртүүсүз беребиз.

Мындай маалыматты депутаттын жактоочусу Жумашев Бактыбек фейсбук баракчасына жарыялады:

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Мен, Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович, бүтүндөй Кыргызстандык элиме кайрылам.

Бүгүнкү күндө мен жана менин үй-бүлөм ар кандай негизсиз күнөөлөнүн жана кээ бир абийирсиз адамдардын жалган айыптоолорунун объектине айландык.

Мага каршы ачык жана уюштурулган провокация болуп жатат. Фейсбукта жакынкы күндөрү кимдир бирөөлөр тарабынан “Биз Жумалиевди колдойбуз” аттуу атайын фейк баракчасы ачылып, улуттар аралык араздашууга алып келүүчү постторду таратышууда.

Менин жана менин жакындарымдын аталган баракчага эч кандай тиешеси жоктугун толук жоопкерчилик айтамын. Бул баракча менин каршылаштарым тарабынан, кайра менин өзүмө каршы иш алып баруу үчүн түзүлгөн! Мындай ыплас иш-аракеттер менин оппонеттеримдин канчалык деңгээлде абийирсиз экендигинен кабар берет!

Бала кезимден бизди үй-бүлөдө интернационалдык духта тарбиялашкан, бүт өмүрүмдү ар кайсы улуттун өкүлдөрүнөн турган адамдардын жана достордун арасында өткөрдүм.

Кыргызстан – көп улуттуу өлкө жана биз улутубузга карабай бир мамлекеттин жарандарыбыз! Мен кайсы жерде, кандай кызматта иштебейин, биздин эл биримдик менен гана бардык кыйынчылыктарды жеңип, өнүгүү жолуна түшөөрүнө ишенгем жана ишенем. Бүгүн да мен “Кыргызстан-баарыбыздын үйүбүз!” идеясын мамлекеттик деңгээлде ишке киргизүүбүз керек деп эсептейм.

Менин тарбиям жана жашоого болгон көз карашым биздин өлкөдө жашап жаткан эч кайсы этносту басмырлоого же мазактоого жол бербейт. Биз баарыбыз бир тууганбыз жана бир мамлекеттин жарандарыбыз!

Мен КР Улуттук коопсуздук комитетине “Биз Жумалиевди колдойбуз” аттуу фейк баракчасын ким ачканын таап, мыйзам чегинде жоопко тартыңыздар деп арыз жаздым, адвокатым иш алып барууда.

Урматтуу кыргыз элим, фейктерге ишенбөөгө, ар кандай шектүү билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырам.

Мен өзүмдүн репутациямды, жакшы атымды жана үй-бүлөмдү сот органдары тарабынын укуктук талаада, мыйзам чегинде коргойм!

Рахмат!”-деп айтылат маалыматта

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button