Алай, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунун мергенчилери 1 карышкырды атып, анын 6 баласын тирүү кармады. Бул тууралуу мергенчилер билдирди.

Маалыматка ылайык, карышкыр Кара-Кулжа районунун Ири-Суу жайлоосунан атылган. Ушул эле жерден 6 бөлтүрүгү тирүү кармалган.

«Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунда карышкырлар мал-жандыктарга кол салып жаткан. Мергенчилер биргелешип карышкырды аттык. Карышкырды Алай районунун Корул айылынын тургуну Мухтарбек Жолбаев аттуу мергенчи атты. Карышкырдын 6 бөлтүрүгү бар экен. Азыр аны багып чоңойтобуз деп жатышат.

Мергенчилер 1 жумадан бери карышкырды атууга чыгып жатышкан», – дейт алар.

Булак: Коомпресс