Бишкекте милиция кызматкери айдоочуну бетке чаап салган видео таркады

394

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспектору эркек кишини бетке чапкан видео соцтармактарга жарыяланды. Окуя Бишкектин Манас жана Түштүк Магистрал көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Бишкек комендатурасы Reporter.kgге бул окуя учурда териштирилип жатканын айтып, кошумча маалымат берилерин билдирди.

Булак: Reporter.kg