Коррупционер, контрабандист деген “наамдарына”  “киши өлтүрүүгө шектүү” деген кошумча “наамды” алып алган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин биринчи никесинен Сейит Атамбаев аттуу уулу бар эмеспи?

Ал атасынын бийлигинен пайдаланып, мамлекеттен арзан баада электр энергиясын сатып алып, анан кайра аны керектөөчүлөргө кымбат баада сатып, оңой эле олжого туйтунуп жашап келген.

Андан сырткары атасынын контрабандалык товарларына да тиешеси болсо керек эле. Жакында эле Сейит мырза: “Атамбаевдин убагында жашоо жакшы эле” деп чыкты. Кыязы, ал ханзаададай жашаган доорун сагынган окшойт.

Албетте, Атамбаевдин убагында Сейит, Сейтек, Кадыр Атамбаевдердин жашоосу май көл, сүт көл болчу экенин элдин баары эле билет. Анан дагы АШАнын шоопуру, жансакчылары, катчылары, кампачылары, “оң кол, сол колдорунун” жашоосуна суктангандар көп болчу.

, булар сырттан келген миллиондогон кредиттерди “устукандашып”, “май чайнаган” жашоодо жашашчу. А бирок элдин жашоосу алардын жашоосуна эч эле окшош эмес болчу да.

Ушуну Сейит Атамбаев дагы деле түшүнбөй жатат окшойт. Эгерде элдин жашоосун түшүнгөндө булар Дача СУга кулаган учактан жакындарын жоготкондордун бир абалын сурап коюшат эле го.