11-майдан тартып ишке киришүүчү муниципалдык коомдук транспортто жүрүү учурунда коопсуздук чараларын көрүү боюнча Саламаттык сактоо министрлиги атайын жобо иштеп чыгып, таратты.

Ага ылайык, автобус, троллейбустардын айдоочулары салонго унаадагы отургучтардын эсебинен 60-70% гана жүргүнчү салууга тийиш. Ар бир каттам аяктаган сайын салонду дезинфекциялап, унаанын ичин желдетип туруу зарыл. Салонго кире беришке санитайзер коюлушу керек.

Ал эми жүргүнчүлөргө коомдук транспортко беткапсыз түшүүгө тыюу салынат. Жол кире «Тулпар» картасы аркылуу гана төлөнөт. Жүргүнчүлөр бири-биринен алыс, салондо шахмат тартибинде орун алууга милдеттүү. Жүргүнчүлөргө айдоочунун айтканын угуп, салон толуп калса, кийинки транспортту күтүү милдеттендирилген.

Маалым болгондой, өкмөттүн чечими менен 11-майдан тартып коомдук муниципалдык транспорт ишин жандантат. Пандемия кезинде коомдук транспортто: автобустарда жана троллейбустарда эл ташууга жана жүрүүгө өкмөт тараптан да бир топ талаптар коюлган.

Ага ылайык, жүргүнчүлөр баары беткап, мээлей кийип, антисептик каражаттар менен жүрүүгө тийиш. Белгилүү болгондой, маршруттук кичи автобустардын ишин жандандырууга азырынча уруксат бериле элек.