Ноокенде тоого чыккан окуучулар кырсыктап, бирөө каза болду
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда мектеп окуучулары жол кырсыгына кабылып, бирөө каза болду.
Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады. Кырсыктан кийинки видео Telegram-каналга жарыяланган. Маалым болгондой, кырсык 6-май күнү түшкү саат 13:00дөр чамасында болгон. «Ноокен айылынын 25 жаштагы тургуну Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаасы менен 11-класстын үч окуучусун жайлоого жеткирүүгө чыккан. Үчөө тең 17 жашта, бүтүрүүчү класста окушат. Алардын бири кыз, экөө эркек. Окуучулар Кара-Булак жайлоосуна бара жаткан. Кыр-Жон жайытына жеткенде айдоочу унааны башкара албай кырсыкташкан. Айдоочу жана эки окуучу алган жараатынан улам Ноокен райондук ооруканасына жеткирилгени», – айтылды. Ал эми окуучулардын бири К.Б аттуу бала кырсык болгон жерден каза тапканы маалым болду.