8-10-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаандан улам сел жүрүшү мүмкүн 8-10-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт.

Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашып, Ош, Жалал Абад, Баткен облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөрүн билдиришти. Ошондой эле тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн экендигин кошумчалашты.

ӨКМ кызматкерлери жарандарды сак болууга чакырат.