Коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында Бишкек шаарынын бюджетине мурунтан болжолдонгон өлчөмдө каражат түшпөй жатат.

Буга байланыштуу бюджеттин чыгаша бөлүгүндө айлык акы төлөө оорлошу күтүлүп жатканын Бишкек шаарынын вице-мэри Алмаз Бакетаев бүгүн, 7-майда онлайн брифингде билдирди: «Бир жарым айдын ичинде бюджетке түшкөн каражат 900 млн. сомго азайганына байланыштуу, бул айда айлык акы жана башка төлөмдөр бир жумага кечиктирилип берилет», — дейт вице-мэр.

Алмаз Бакетаев өкмөткө жардам сурап кайрылышканын кошумчалап, айлык акыны, анын ичинде мугалимдердин айлык акысын төлөп берүү боюнча маселе жакынкы күндөрү чечилерин кошумчалады. Вице-мэр экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу максатында бир нече баскычтар менен ишканаларга ишин жандандырууга уруксат берилиши кырдаалдан чыгууга шарт түзөт деген үмүтүн билдирди.

Пандемиядан улам, түзүлгөн өзгөчө кырдаал шартында Бишкек шаарындагы 75 363 ишкананын 71,5 миңи ишин токтоткон. Натыйжада 155 миң адам убактылуу жумушсуз калган.

Пандемиядан шаардык бюджет алгачкы төрт айда 907 млн. сомго зыян тартты.

Маалым болгондой, шаардын 2020-жылкы бюджети 10,232 млрд. сом. Анын 5 млрд. сому корголгон беренелер боюнча сарпталат