Баткен областы боюнча 95 минден ашуун турак жай катталган.

Анын ичинен 2020-жылдын 1-майына карата, 2400 турак жай камсыздандырылган.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан, 2020-жылдын январь-май айларына карата, облуста табигат кырсыгынан турак жайы жабыркаган  5 турак жай ээсине 422 699 сом төлөнүп берилди.

Баткен облусу өзгөчө кырдаал көп катталган, кооптуу аймак болуп саналат.

29-30-апрелде болгон катуу шамалдан, 2-майда келген селден Лейлек районунда жалпы 77 турак жай  жабыркаган. Алардын ичинен 11 гана камсыздандырылган.

Мындан улам  ыйгарым укуктуу өкүлдүн атайын буйругунун негизинде эл арасында түшүндүрүү иштери күчөтүлдү.

Түшүндүрүү иштерин тийиштүү адистер санитардык карантиндик эрежелерди сактоо менен алып барууда. Ошондой эле массалык маалымат каражаттарынан, социалдык  тармактардан маалымат берилүүдө.

Өкүл Алишер Абдрахманов камсыздандыруу менен катар, кооптуу аймактарда жашаган элдер менен иш алып баруу тапшырмасын койду.

Бүгүнкү күнгө мамлекет тарабынан тийиштүү жардамды жана жер тилкесин алып, бирок кооптуу аймактан көчпөй келген 60 үй бүлө бар. 

Белгилей кетсек жарандар  жылына айыл жеринде 600 сом, шаарда 1200 сом төлөм менен турак жайын камсыздандыра алат.   

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы