Роспотребнадзор өлкөдө коронавирустун кесепетинен коюлган чектөөлөрдү этап менен алып салуу боюнча көрсөтмөлөрдүн долбоорун иштеп чыкты. Бул тууралуу ТАСС кабарлады. Чектөөлөр үч этапта алынып салынат деп болжолдонууда:

Биринчи этапта — аларга спорт менен машыгууга, балдар менен сейилдөөгө, чектелген аймактын соода жана тейлөө чөйрөсүндөгү объектилердин иштерине, социалдык аралыктарды сактоо менен уруксат берилиши мүмкүн; Экинчи этапта — көчөдө үй-бүлөсү менен сейилдөөгө жана билим берүү мекемелеринин ишин жандандырууга, жана ошондой эле чоңураак аймактын соода жана тейлөө чөйрөсүндөгү объектилерди ачууга уруксат берүү, бирок бир эле учурда тейлөөчү конокторду чектөө менен.

Үчүнчү этапта — парктар жана аянтчалар иштей баштайт. Чектөөлөрдү этап менен алып салуу боюнча чечимдерди аймактардын башчылары кабыл алышы керек, ал эми сунуштарды субъекттердин башкы санитардык дарыгерлери кабыл алышы керек.

Эпидемиологиялык кырдаал начарлап калса, чектөөчү чараларды кайтарууга болот.