Өлкөдө пандемияга байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизилген. Мындай кырдаалда элге жардам берген кайрымдуу жарандар жана уюмдар калкка жардам берүүсүн улантышууда.

Ишкер, меценат Бурул Кушбек эжебиз COVID — 19 ылаңына байланышкан карантин, социалдык обочолонуу учурунда Кадамжай районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, тылда эмгектенген карыяларыбызга, медицина кызматкерлерине, мугалимдерге, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жалпысынан 750 даана азык-түлүк баштыкчаларын тапшырды. Маалым болгондой, иш-чара «Бир өлкө — бир үй бүлө» деген урандын астында Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын көмөгү менен ишке ашырылган.