Нарын облусунда 9 милиция кызматкери коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда онлайн брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында милиция кызматкерлери вирус жуктургандар менен иштөөдө алдынкы орунда турат, мындан улам ооруну жуктуруп алуу коркунуучу чоң. “Алар дагы медицина кызматкерлери сыяктуу жумуш учурунда жуктуруп алууда. Ар бир учур боюнча эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүп, тобокелчиликтердин себеби, жумуштагы шарттары аныкталат. Ошого карап дагы башкалар жуктуруп албашы үчүн биз болушунча эртерээк коргонуу эрежелерин бергенге аракет кылабыз”, — деди Үсөнбаев.