Россиялык бизнесмен, миллиардер, “Спартак” футбол клубунун ээси Леонид Федун коронавируска чалдыкты. Бул тууралуу клубдун сайтында кабарланды. “Спартак-Москва” футбол клубунун директорлор кеңешинин төрагасы Леонид Федунга коронавирус инфекциясы диагнозу коюлган. Ал учурда ооруканада дарыланып жатат », – деп айтылат билдирүүдө. Леонид Федун 64 жашта, ал белгилүү Лукойл компаниясынын вице-президенти.