Чындык мыйзам жолунда гана болот.
Оор жана татаал болсо да мыйзамды сыйлап, тура так мыйзам жолуна түшүп, мыйзам «диктатурасын» оруноткондо гана чыныгы өнүккөн мамлекетти кура алабыз.
«Жумалиевдин бүт байлыгын 10 миң бала менен барып бүт тартып алалы. Байлардын байлыгын мамлекетке тартып алууга»Чоң казатка»аттаналы»- деген ураандар көп айтыла баштады. Буга чейин ар кандай жолдор менен байышкан байлардын байлыгын күч колдонуу менен тартып алуу, мамлекеттештирүү, бул деген мыйзамды одоно бузуу дегенге жатат. Андай болсо ачык эле чыккыла «Октябрь революциясын кайра баштайбыз. Бүт байлардын байлыгын мамлекетке, ортого тартып алып өздөрүн кулак кылабыз. «Жеке менчик»-дегенди жоебуз. Коммунисттик системага кайра өтөбүз»- деп.
Коррупционерлер менен күрөшүүнү кош колдоп колдойм.Бирок мыйзамсыздыкка каршымын. Мамлекет коррупция менен күрөшүүнү күчөтүшү керек. Керектүү мыйзамдарды кабыл алышы керек. Шектүү жолдор менен байыгандарды бүт текшерүүсү сөзсүз керек. Бирок бары мыйзамдуу жолдор менен гана болууга тийиш.
Коомчулук коррупционерлер менен күрөшүүдө коррупционерлерди аттарын атап, сүрөттөрүн чыгарып, моралдык уяткаруу, мамлекеттен коррупция менен күрөшүүнү катуу талап кылуу сыяктуу жолдорду гана колдонууга укуктуу. Коомчулуктагы кандайдыр бир уюшкан топтордун барып ар кимдин байлыгын тартып алып мамлекеттештирүүсү бул мамлекетти анархияга түртөт. Бул деген менчикке кол салуу, талап-тоноого кирет. Бизде болсо менчик Баш мыйзам менен корголот.
Талап — тоноо, мыйзамсыз тартып алуу, мамлекетте мыйзамдардын иштебегенин, коомчулуктун мыйзамдарды сыйлабаганын, демек мамлекеттин мамлекеттүүлүгүнүн алсыз экенин көрсөтөт.
СССР кыйрап, коммунисттик системадагы мамлекеттер шашылыш капиталисттик системага өтүүгө бет коюп, чаң тополон башталганда жеке эле Кыргызстан эмес дээрлик мурунку коммунисттик мамлекеттер менчиктештирүү оорусу менен ооруган. Мындай «оорудан» Кыйтай мамлекети да четте калган эмес. Бирок батыраак эстерине келишип башаламан менчиктештирүү токтотулуп, тескерисинче мыйзамды бузуу менен өтө арзан менчиктештирилген мамлекеттик мүлктөр кайра мамлекетке кайтарыла баштаган. Кытайда бүгүн ошондогу коррупциялык ишке катышкан миңдеген адамдар түрмөдө отурушат. Миңдеген адамдар атылган. Айрым сот иштери бүгүнкү күнгө чейин уланууда.
Эгер биз мыйзамсыз мамлекеттин эсебинен коррупциялык жолдорду колдонуп байыгандар менен күрөшкүбүз келсе Кытай мамлекетинин жолун колдонубуз туура дейт элем. Кытайда таза өзүнүн эмгеги менен байыган дүйнөгө белгилүү миллиардерлер бар. Аларга эч ким тийбейт. Мыйзам жолу болсо катуу. Баары так ачык кашкайып көрсөтүлүп турушу керек. Маселен Жумалиев «Мен байлыгымды текшертпейм»- дептир. Мунусу өтө туура эмес. Тескерисинче өзү айтышы керек эле. «Комиссия түзгүлө да бүт текшергиле. Мыйзамсыз жерин тапсаңар жаза тартайын. Бары мыйзамдуу болсо экинчи мага тийишпегиле»- деп. Анан өзү бүт мүлкүн, фирмаларын, байлыгын,качан кандай жолдор менен бул байлыкка ээ болгонун, мыйзамды бузбай баарына тиешелүү салык төлөгөнүн, өзү жарыялап салышы керек эле. Ким кылтыңдаса, жашырып жапса демек ал кандайдыр бир мыйзамсыз ишке барган деген шек туудурат. Демек аларды мамлекет катуу текшериши керек.
Коомчулукту козутуп от менен ойногон туура эмес. Бекеринен айтылбайт «Демократия менен анархиянын ортосу бир сөөм»- деп. Анархиялык жол менен бир да мамлекет өнүккөн эмес. Андай мамлекет талкаланып калат. Ошондуктан барыңарды мыйзам жолунан чыкпаганга чакырат элем. Мамлекеттик бийлик да жогорудагыдай авантюристик чакырыктарга маани берип чара көрүшү керек деп ойлойм.