Бишкек шаарында үй-жайсыз калган Кайрат аттуу географ  коомчулуктун көңүлүн бурдурган видео жарыяланган.

Ал үй-жайсыз калса да, акыл деңгээли жогору экенин баамдаган эл ага жардам берүүнү сунушташкан. Бишкек комендатурасы да ага кайрылып, жардамын берген эле.

Бүгүн аны бийлик өкүлдөрү чакырып алып, күттүргөнүн айтып, нааразычылык видеосу Инстаграм баракчасына чыгарылды.