![](https://kadam-media.kg/wp-content/uploads/2020/05/317926ede7f306cc0812cb1e3a723200.jpg)
Коом
Пандемия. Бишкекте канча адамды жумушсуз калтырды
Бишкекте өзгөчө абал режими киргенден кийин 154 784 адам убактылуу жумушсуз калды. Бул туурасында Бишкектин вице-мэри Алмаз Бакетаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, коронавирус кооптуулугунан улам калаадагы 71 миӊ 531 чарбалык субъект ишин токтоткон. Ал эми азыркы тапта алардын 3 836сы ишин кайрадан жандантты. Алдын ала маалыматтарга ылайык, мында 83 280 адам иштейт.
Белгилей кетсек, өзгөчө абал режими Бишкек шаарына 25-мартта киргизилген. Андан кийин мөөнөтү эки жолу узартылып, 10-майга чейин деп белгиленди. 1-майдан тарта ишкерликтин айрым түрлөрүнө берилген.