Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, КР Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын райондор аралык бөлүмү, Баткен облустук ички иштер башкармалыгы, Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облустук башкармалыгы, Баткен бажы кызматтары  тарабынан 2020-жылдын январь айынан бери аткезчилик боюнча  22 учур катталды.   

22 учурдун баары кошуна Тажикстан Республикасынан Баткен облусунун аймагына, мыйзамсыз, бажы көзөмөлүнөн сырткары, башка жолдор менен кирген учурда кармалган.

Жогорудагы катталган учурлар боюнча тийиштүү укук коргоо органдары тарабынан сотко чейинки тергөө иштери жүрүп,келтирилген чыгымдар, мамлекетке өндүрүлүүдө.

Акыркы учурларда кошуна Тажикстан Республикасында коронавирус оорусу боюнча абал күчөп жаткандыгына байланыштуу Баткен облусу чек ара аймактарында, чек ара көзөмөлдөп өткөрүү жайларынын жана санитардык карантиндик көзөмөл постторунун ишин күчөткөн.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкулүнүн басма сөз кызматы