2020-жылдын 7-майында Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Ош облусундагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун атынан «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалын тапшырды.

Мындан сырткары Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин атынан да юбилейлик медалдар тапшырылды. Алай районундагы 100 жаштагы акыркы ардагер Суранбай Алиев аймактарды өнүктүрүү боюнча жүрүп жаткан иштерге Президент Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди.

Кара-Суу районунун Мады айылындагы Абдраимов Арзыбек ата «ушундай эгемендүүлүктү көз карегиндей сактоо — ар Кыргызстандыктын милдети» деп белгиледи. Ош облусунда учурда 23 согуштун ардагерине облус жетекчисинин резервдик фондунан 10 миң сом акчалай жана 5 миң сомдук азык-түлүк баштыгы, баалуу белектер, 710 ооруктун ардагерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен белектер ыйгарылды.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгына ылайык, ар бир согуш ардагерлерине 75 миң сомдон, ар бир оорук ардагерине 15 миң сомдон карантиндик кырдаалга байланыштуу акимдер жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тарабынан жеткирилип берилген. Райондук администрациясы жана жергиликтүү бийликтин атынан акчалай сыйлыктар тапшырылды. Эске салсак, бул жылы пандемиялык өзгөчө абалга байланыштуу массалык иш-чаралар токтотулуп, майрамдын Жеңиш парады болбой турганы айтылган.

Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы