Кылмыш-кырсык

Укук коргоо кызматкерлери сөгүп, унаамдын терезесин талкалады, — Бишкектин тургуну (видео)

Бишкек шаарындагы блокпостто турган укук коргоо кызматкерлери жарандарга зөөкүрлүк көрсөтүп, өзүм билемдик кылып, мыйзам бузуу менен иштеп жатат. Мындай пикирин айтып Бишкек шаарына  кирип жатып күч кызматкерлеринин кордугуна кабылганын билдирген шаар тургуну Эрмек Аттокуров “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине кайрылды.  

Анын айтуусуна караганда блокпосттогу укук коргоо кызматкерлери ал жерде тартип орнотуунун ордуна, өздөрү адамдардын баш аламан өтүүсүнө шарт түзүп жатат. Ал эреже бузгусу келбей, күч кызматкерлеринен тартипти сактоону талап кылганда ага кыйкырып, көнбөй койсо алардын бири автоунаасынын алдыңкы терезесин уруп зыян келтирген.   

«7 — май күнү медициналык кароого баруу үчүн шаарга чыккам. Күн -Туу айылы тараптан келе жатканда Селекционное айылына кире бериште Муромский жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде блокпост орнотулган. Ал жерде текшерүүдөн өтүп жаткан унаалардын көптүгүнөн тыгын пайда болгон. Буга байланыштуу айрым айдоочулар жол эрежесин одоно бузуп, оң тарап менен жолдун жээги аркылуу өтүп кетип жатышкан. Алардын азабынан 30 — 40 мүнөттөй убакытты уттурдук. Блок постко жеткенде, болжолдуу саат 8:30дарда ал жерде автомат көтөргөн 2707 — 588 номерлүү рация тагынган кызматкер так ошол эреже бузган айдоочуну өткөрүүмдү талап кылды. Ага макул болгонум жок. Буга жооп кылып ал машинамды бет маңдайындагы терезесине ургулап кирди. Айнекке мурдарак майда шагыл таштар тийип, алгачкы жарака кеткен болчу. Азыр да абалы жакшы эмес эле. Ага карабастан уруп жатты», — дейт Эрмек Аттокуров. 

Бирок алардын талашы муну менен эле бүткөн эмес. Тартип бузбагандыгы үчүн, күч кызматкерлеринен кошумча сөгүү угуп, ал жерден акыйкаттык таппасын билип жолуна түшкөн.   

«Посттон өтүп барып, машинаны токтотуп кайра келдим. Келсем ал жердеги экинчи аскер кызматкери бл..ь, на х..й деп сөгүп кирди. Ал эми жол эрежесин сактоо үчүн ошол жерге бөлүнгөн ЧС 069 номерлүү төш белгисин тагынган жол кайгуул кызматкери (ГАИ) жол чети менен келип жаткан унааларды жөнгө салгандын ордуна «сен деле обочина менен айдай бер» деп «кеңешин» берди. КР мыйзам талаптарын аткарган жаран катары, салык төлөөчү катары ал жерге жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын камсыздап, өз милдетин билбеген, укугун аша чапкан кызматкерлерин жоопкерчиликке тартып, коомчулукка коопсуздук жана ыңгайлуулукту камсыздоосун талап кылып Комендатурага, вотсап жага арыз аркылуу кайрылуу жолдонду. Бирок, майнап чыгарына көз жетпейт», — дейт укук коргоо органдары тарабынан укугу бузулган жаран.   

https://www.youtube.com/watch?v=qY0NAeY6MHE&feature=emb_logo


Булак: Медиа центр

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button