Федералдык жана жергиликтүү бийликтердин пандемия учурундагы маалыматтардын топтоп жарыялап туруучу Жонс Хопкинс университетинин маалыматы АКШда коронавирустан каза болгондордун саны 75 миң кишиден ашты.

Бейшемби күнкү алынган маалыматтарга карата АКШда 75 054 адам COVID-19 вирусунан каза болсо, учурда аны жуктуруп алгандардын саны — 1 245 622, ал эми каза болгондор – 190 миң адамды түзгөн.

Ошол эле учурда Россияда бул ооруну жуктуруп алгандардын саны – 177,1 миң, каза болгондор – 1625.

Кошумчалай кетчү нерсе, бүгүн дүйнө жүзү боюнча вирус жуктуруп алгандардын саны – 3 784 085, каза болгондор – 264 679, оорудан сакайып кеткендер – 1 255 685 адамды түздү.