АКШ мамлекеттик катчысы Майк Помпео «цивилизациялуу коомдун бир бөлүгү» болуу тууралуу чечим кабыл алуулары керектигин айтып, кытай бийлигине кайрылуу жолдоду.

Өз кезегинде ал «цивилизациялуу дүйнө» өлкөлөрүнүн бардыгы бүтүндөй адамзатынын келечеги үчүн иштеп жатышкандыгын, Кытай болсо бул принциптен четтеп кеткендигин айтып, мындай ойдо жашап келген Советтен Союзунун тагдыры эмне менен бүткөнүн бүткүл дүйнө эли жакшы билерин кошумчалаган.

Ошондой эле Майк Помпео: «Эгерде Кытай авторитардык өлкөлөр узак убакыт боюу жасап келишкен» нерселерди кайталай турган болсо жана ачык-айкындуулукту карманбаса, АКШ президенти Дональд Трамп «туура деп эсептелген кадамдарды» жасай тургандыгын белгилеп өткөн.