Дүйнөдөгү коронавирусту жуктургандардын жана айыккандардын катыштык саны менен салыштырганда Түркиядагы айыккандардын катыштык саны дүйнө жүзүндөгү катыштан жогору экендиги байкалууда.

Түркиядагы бейтаптардын катыштык саны 6-майдан тарта 36,95 пайызга чейин кыскарып, оорудан айыккандардын катыштык саны болсо 59,36 пайызга жогорулады.

Дүйнөдөгү бейтаптардын санын эске алганда, учурдагы бейтаптардын катыштык саны 58,03 пайызды, айыккандардын саны 33,76 пайызды түздү.

Кечээки күндөн тарта Түркияда Ковид-19 диагнозу коюлган бейтаптардын 0,97 пайызы интенсивдүү терапия менен дарыланып жатса, бул катыш дүйнө жүзүндө 1,29 пайыз деп катталды.

Дүйнө жүзүндө Ковид-19дун себебинен каза тапкандардын саны 6,91 пайызга кыскарып, бул катыш Түркияда 2,7 пайызга азайды.

Булак: ТРТ сайты