Коом

Атамбаевдин балдары милиция кызматкерлерине жардам берген эмес, — Чүй ИИБ

Чүй облусттук ички иштер башкы башкармалыгы “мурдагы президенттин балдары Аламүдүн районундагы посттордо турган 200дөн ашык милицияны тамак жана суусундук менен камсыз кылды” деген маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирди.

Чүй облусттук ички иштер башкы башкармалыгы милиция кызматкерлери жеке коргонуучу каражаттар жана тамак-аш менен толук камсыз болгонун кабарлады.

Милиция мурдагы президенттин балдары жеке коргонуучу каражаттарды жана ысык тамакты өз калоосу менен чыккан элдик кошуундун өкүлдөрүнө жана жергиликтүү тургундарга берилгенин белгиледи.

Эске салсак, буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейит Атамбаев посттордо турган жергиликтүү тургундарга, милиция кызматкерлерине жардам бергенин Фейсбуктагы баракчасына жазган эле.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button