Социалдык байланыш тармагында Россиянын Оренбург облусунан Кыргызстанга карай жолго чыгып, посттордон өтө албай калган мигранттардын видеосу талкууга түштү.  Алар, кыргыз бийлигине кайрылып, жардам сурап, алып кетүүсүн талап кылышууда.

https://www.youtube.com/watch?v=rjjIe80UfDs&feature=emb_logo

Маалыматка ылайык, алар Оренбург облусунда 7-майга чейин хостелге жайгаштырылып, акысыз тамак-аш менен камсыздандырылган шартта турушкан болчу. Айрым, демилгечилердин “Кыргызстанга алып келүүнү чечип жатам, жолго камынгыла,  тийешелүү адамдар менен сүйлөшүп койдум”-деген сөзүнө ишенип жолго чыгып алышканы айтылып жатат. Социалдык байланыш тармагындагы талкууларды коомдук ишмер Токтайым Үмөталиеванын жалган маалыматтарына ишенип, жолго чыгып алышканы көп жолу эскерилүүдө.

Россиянын аймагындагы кыргызстандык жарандардын жолго чыкпай туруусу боюнча элчилик бир нече жолу кайрылуу кылып, маалымат берген. ИИМдин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев мындай деп кайрылган:

Аскат Алиев, КР ИИМдин Москвадагы өкүлү

“Россияда бейрасмий маалыматтарга караганда 1 млн. жакын кыргыз, 1 млн. ашык тажик, 3 млн. жакын өзбек мигранттар бар. Өзбекстан карантин башталганда 30 миллиондон ашык калкыбыздын, мамлекетибиздин коопсуздугу үчүн деп чек-арасын жаап, Россиядагы эмгек мигранттарын алып кетпей тургандыгы жөнүндө расмий билдирүү кылган. Андан соӊ Россия мамлекети дагы аба майданын токтотуп, учактар учпай калды. Коӊшу өлкөлөрдүн эмгек мигранттары элчиликтеринин эшиктерин тепкилеп, бийлигин ар кандай сөздөр менен сөгүп, алып кеткиле деген жок. Жалган маалымат таратып, тизме түзүп элди жүрбөткөндөр дагы чыкты. Ага ишенип автобус жалдап жолго чыгып алып, аларды эптеп сүйлөшүү жолу менен Кыргызстанга жеткирилди. Андай маалыматты уккан жердештерибиз дүрбөп, айтканды укпай жолго чыгышып, эми жолдо калып жатышат”-дейт Аскат Алиев.

Оренбург облусунан чыгып талаада калган жарандар тууралуу элчи Аликбек Жекшенкуловдун коомдук кеӊешчиси Тимур Саралаев мындай пикирин айтты:

Тимур Саралаев, Элчинин коомдук кеӊешчиси

“Бул видеодогу биздин мекендештер 7-майга чейин,  жылуу-жумшак хостелдерде бекер жатышкан. Анан капталдан бир калпычылар чыга калып, элди дүрбөтүп, “чек-ара жакка барсаӊар, кетесиӊер”- деп. Мына ошолор жоопкерчиликти моюнга алыш керек. Москвадагы коомдук уюмдар, диаспоранын өкүлдөрү, расмий бийликтин өкүлдөрү да бир нече жолу айтты эле, тынч болгула деп. Болушпады, эми болсо бизди алып кеткиле деп жатышат. Ушулар эле экенби мекенге кайткысы келгендер?! Толтура андайлар, миӊдеп турушат, сабырдуулук керек”-дейт ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Токтайым Үмөталиева Дубайдагы кыргыздарды мен алып келүүгө салым коштум, эми Россия жана Казакстандагы мигранттарды алып келүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатам деген үнү тараган. Ал, мындай аракетин токтотпостон улантып, мигранттарга “силерди алып кеткени жатам”-деп ишендире берген. Анын үнүн текст түрүндө беребиз:

Токтайым Үмөталиева

“Тизмени тез арада жибергиле. Кечээки тизмени президентке, спикерге, депутаттардын тобуна жана президенттин администрациясында иштеген бөлүм башчыларга кетти. Эми кошумча тизмелерди эртеӊ жабабыз. Ошо менен бул иш бүтөт. Автобустарды табышты, 1 адамга 7500 сом. Ошондуктан өтүнүч, эртеӊ түшкө чейин тизмени бергиле”-деп уюштуруп жатат. Ошол эле сүйлөшүүдө бир эркек адам “Акүйдөн чечип жатышат, биринчи поток менен кетесиӊер”-деп элди жолго чыгууга шаштырган.

Кыргыз өкмөтү, Россиядагы элчилик жана тийешелүү органдар мигранттарга кайрылуу кылып, жолго чыкпоосун бир-нече жолу эскерткен. Ага карабай коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева депутаттарга тизмеӊерди кетирдим деп жолго чыгууга үндөгөн.

Мындай аракеттерден кийин 500 мигрант автобус менен Казакстанга чейин келип алып, татаал сүйлөшүүнүн негизинде Кыргызстанга жеткирилди. Эми, алар covid-19 илдети боюнча анализ тапшырып, обсервацияга жайгаштырылды. Эми алардын анализи так чыкмайын карантиндин мөөнөтүн узартуу дагы кооптуу.

Дагы бир топ Оренбург облусунда акысыз жаткан жеринен жолго чыгып, учурда талаада калышты.

Булак: Коомпресс сайты