Жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 163 жаран жеткирилди. Бир сутка ичинде атайын коюлуучу жайга 9 унаа киргизилди.

Алардын ичинен:

Бишкек шаары – 143,

Ош шаары – 10,

Жалал-Абад шаары – 7,

Ат-Башы району – 3.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 4733 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды, анын ичинен 4195 эркектер, 538 аял киши. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди, алардын ичинен 3504 жаран эскертилип, 1229 жаранга бузуулар тууралуу протокол түзүлүп айып салынды.

Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 364 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди. ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

ИИМдин басма сөз кызматы