Москва мэри Сергей Собянин коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү 31-майга чейин узартты.

Мэрдин жарлыгы анын сайтына жарыяланды. «Соода түйүндөрү, коомдук тамактануучу жайлар, кызмат көрсөтүү тармактары, маданият, билим берүү, спорт, өндүрүштүк эмес тармактар жана өзүн-өзү изоляциялоо режими 2020-жылдын 31-майына чейин узартылды. Ресторан, театрларды ачууга али эрте», — деп Собянин өзүнүн блогуна жазган.

Калаа башчынын айтымында, Москва ичинде жүрүү үчүн өткөрмө кагаздары жумасына эки ирет, ал эми медициналык мекемелер менен ыктыярчыларга күн сайын берилет. Акыркы маалыматтар боюнча Россияда илдетке кабылгандардын саны 177 160га жетти. Оорунун кесепетинен 1625 киши көз жумса, 23 803 бейтап сакайып кетти.