Көмүр кычкылтек газынын чыгышынан улам 2050-жылга чейин абанын температурасы 14 градуска жогорулайт. Бул туурасында «Известия» окумуштуулардын Proceedings of the National Academy of Sciences журналына жарыялаган иликтөөсүнө таянып жазды.

Анда негизи жашоо-тиричиликке ыңгайлуу делген жылдык орточо температура 11-15 градусту түзүп, ал учурда адамзатынын үчтөн бир бөлүгү күндүн табы 29 градустан жогорку болгон шартта жашап калары айтылат. Учурда Жер планетасынын 0,8 пайызында гана аба ырайы ушундай. Анын да көпчүлүк бөлүгүн Сахара чөлү ээлейт.

Окумуштуулардын баамында болжолдонуп жаткан аптаптуу ысыктан дүйнөдөгү калктын үчтөн бир бөлүгү жабыркайт. Абанын температурасы алдыңкы 50 жылда мынчалык жогорулашына технологиянын өнүгүшү, андан чыккан заттар таасир этүүдө.

Муну менен эксперттер 6000 жылдан бери бир калыпта турган аба ырайы өзгөрүүгө дуушар болуп жатканын белгилейт.