8-майга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 3 миллион 842 миң 731 адамды түздү. 269 миң 267 адам бул илдеттин айынан каза болсо, 1 миллион 282 миң 715 бейтап айыгып чыкты.

Вирус жуктургандардын эң көбү АКШда катталып, өлкөдө жалпы 1 миллион 256 миң 771 адамдан инфекция аныкталды. 75 миң 649 адам каза болсо, 195 миң 36 бейтап айыгып чыкты. АКШдан кийин эле экинчи орунда Испания өлкөсү турат, бул өлкөдө 221 миң 447 адамдан коронавирус аныкталды. 26 миң 70 адам каза болсо, 128 миң 511 бейтап айыгып чыкты. Үчүнчү орунда Италия. Бул өлкөдө жалпы 215 миң 858 адамдан коронавирус аныкталды. 29 миң 958 адам каза болсо, 96 миң 276 бейтап айыгып чыкты.

Мындай маалыматты АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетти өзүнүн сайтына жарыялады