Талас облусу боюнча бүгүнкү күндө 6 санитардык- карантиндик пост иштеп жатат. Талды-Булак айылында облуска кирип келе жаткан 1, Казакстан Республикасы менен чектеш Манас районундагы Чоң-Капкада- 2 карантиндик посту, Талас шаарында -2 жана Кара-Буура районунда-1.

Ал жерде милиция, өзгөчө кырдаалдар, медицина кызматкерлери күнү-түнү кирип-чыккан адамдарды текшерүүгө алышып, автоунааларды дезинфекциялоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Милиция кызматкерлери бөлүнгөн жерлерде коомдук тартипти сактап, элдер арасында чыр-чатак чыкпоосун көзөмөлгө алып, алдын алуу максатында иш алып барышууда. Андан башка облус аймагында райондор аралыгында 21 фильтрациондук посттор иштеп жатат. Алардын курамын милиция, айыл өкмөт мүчөлөрү жана айылдын жергиликтүү активдүү жаштары түзөт.

Карантин башталган убактан бери жер-жерлерде милиция кызматкерлери эл арасында тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Алардын эшикке чыкпоосун, коомдук жайларда топтолушуп жүрбөөсүн, санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоосун эскертүүдө.

Андан мектеп окуучулары онлайн окуусуна көңүл бурушууда. Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктардын алдын алуу максатында үймө-үй кыдырып, ата-энелер жана жаш өспүрүмдөр менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, калктын аярлуу катмарына кирген жарандар менен жергиликтүү башкаруу органдары менен биргеликте аларга колдоо көрсөтүүдө.

Талас ОИИБнин басма сөз кызматы