Блогер блок

«Чоң казатчылардын ким экени баарына ачыкталды. Мен бул топко ишенбейм»

Сыймык Жапыкеевтин Акаев заманынан бери миллиондорун миллион эсе көбөйтүп келе жаткан байлардын аттарын атаганы жакшы. Бирок, мен, Сыймыктан интервью алган журналист катары аны өтө эмоцияга алдырган жигит катары эстеп калдым.

Анын үстүнө Садыр Жапаровду колдоо митингине элди үгүттөп чакырганы менен өзү бут басып келбей койгондон бери ансайын бул жигитке карата ишенимим азайып кетти.

Ошону үчүн, мен Сыймыкты байларды кустуруу операциясынын аягына чейин качпай, айткан сөздөрүн далилдеп берип, эл менен бирге болом деген убадасын берүүсүн талап кылып жазгам.

Сыймыктан дагы деле кабар жок. Чоң казатчылардын ким экени баарына ачыкталды. Мен бул топко ишенбейм, анткени бул жигиттердин арасындагы айрымдарынын тарыхын жакшы билем.

Чоң казатты — бийликтин жасалма оппозиция жаратуу долбоору катары кабыл алам. Бул пикиримди буга чейин да айтып келгем, ал далилденмейинче ушул позициямды өзгөртпөйм. Канат Хасанов мага чалыптыр, укпай калыпмын. Балким колу тийип басылып кеткендир.

Эгерде чындап мени менен сүйлөшкүсү келген болсо анда эмнени айткысы келген? Ал мага белгисиз. Мүмкүн менин версиям туурадыр, ошону үчүн чоңказаттагылар атайын мага көңүл бурбай жатышкандыр.

Ошону үчүн Темике айткандай Сыймык да, чоң казаттагы элди дүрбөлөңгө салып митингге үндөп жаткандар да колунда далилдер бар экенин ачыктап, элди орто жолго таштап кетпей аягына чейин турууга сөз беришсин. Куран кармайбы же кандайдыр бир башка ыкма мененби, айтоор биз ишене тургандай кылып далилдешсин.

P.S. Чоңказаттагылар кайсы акчага өтө кымбат офисти ижарага алышкан? Кайсы каражатка карантин учурунда элге жардам таратты?

Ошол жардамды тараткан учурда неге Элит хауз курулуш компаниясынын аталышы жазылган баштыкчалар менен таратты?

Булардын ар бир кыймылы кайсы миллионердин чөнтөгүнөн чыккан акчага каржыланып жатат?

Элге ачык жооп беришсин. Менин күмөнүм бар. Элди жамынып дагы бир тополоң чыгарып революция кылыштын кереги жок.

Макала Altysha Lv аттуу фейсбук колдонуучунун баракчасынан алынды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button