Өлкөдөгү өзгөчө кырдаал режими учурунда А.Султанов ысымындагы Кара-Суу райондук ИИБнин кызматкерлери коронавирус илдетин алдын алуу жана жайылышын токтотуу боюнча комплекстүү иш-чараларын жүргүзүүдө. Аткарылып жаткан иш-чараларга ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын, “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун жана Ички коопсуздук аскер кызматынын кызматкерлери да тартылган.

Буга чейин “Өзгөчө абал” режими киргизилген Ош облусунун Кара-Суу районунда 2020-жылдын 30-апрель күнү алынып, “Өзгөчө кырдаал” режимине алмаштырылган. Азыркы учурда, райондун аймагында 4 санитардык-карантиндик пост өз ишин улантууда, ал посттордо милиция кызматкерлери, медициналык кызматчылар жана ӨКМнын өкүлдөрү менен биргеликте күнү-түнү иш алып барышууда. Жарандардын жана унаалардын жүрүшү көзөмөлдөнүүдө.

Мындан тышкары, райондун айылдарында элдик кошуундан, айыл-өкмөтүнүн өкүлдөрүнөн жана милиция кызматкерлеринен куралган 15 кошумча пост орнотулган. Калк жыш жашаган аймактарында туруктуу негизде көчөлөрдү жана коомдук жайларды дезинфекциялоо жүргүзүлүүдө. Аймактагы 2 обсервациялык пункт милиция кызматкерлери тарабынан күнү-түнү кайтарууга алынган, андан тышкары үй карантинине жөнөтүлгөн жарандар тарабынан санитардык эрежелерди сактоосун көзөмөл жүргүзүүдө.

Милиция кызматкерлери өз укугунун чегинде “өзгөчө кырдаал” режиминин алкагында чектөөлөрдү аткарылышын камсыздоо боюнча ишин улантууда. Күн сайын коомдук жайларда кайгуул уюштурулуп, көзөмөлдөнүүдө. Жарандарга карантиндик режимдин эрежелерин сактоосу жана өзгөчө кырдаал учурунда жүрүм-турум талаптары жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Райондун 16 айылдык аймагында аймактык ыйгарым укуктуу милиция кызматкерлери, жаш-өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен өз-ара аракеттенишип, жергиликтүү жашоочуларган жеке коргонуу коопсуздук чараларнынын эрежелерин сактоосун, коомдук жайларга барбоосу, жана бири-бири менен аралыкты сактоосу тууралуу маалымдап иш алып барышууда.

ИИМдин басма сөз кызматы