Талас облусунда коронавирусту аныктоочу вирусологиялык лаборатория иштей баштайт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

“Бүгүн кечке чейин даяр болуп калса эртеңден баштап лаборатория ишке кирет. Мурда анализ чыгаруу үчүн материалды Бишкекке ташып келип жатканбыз. Эми жеринде ыкчам иштөөгө шарт түзүлөт”,  – деди Үсөнбаев. Анын айтымында, жаңы лабораторияда “Чоң-Капка унаа жолу” көзөмөл-өткөрүү пунктунан өтүп жаткан жарандар, аларды ташыган айдоочулар текшерилет.

Белгилей кетсек, өлкөдө бир гана Талас облусунда COVID-19 вирусу катталган эмес. Бүгүнкү күндө жалпы 906 учур катталса, 650 бейтап айыгып, үйүнө чыгарылды.

Коронавирус табылган медицина кызматкерлеринин саны 226 болсо, анын 163ү сакайып ишине кайткан.