Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов жана Баткен шаарынын мэри  Мамыржан Рахимовдор шаардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алып,  9-май Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттукташты.

Бурканов Садык ата 18 жашында согушка аттанып,согуштан кийинки калыбына келтирүү жумуштарына да катышып, 7 жылдан соң, 1950-жылы гана мекенине кайткан. Улуу Жеңишти Сталинградда тоскон. Учурда 94 жашта.

Ал эми 101 жаштагы Рахматов Ашир ата, согушта эки ирет оор жараат алганына карабай, мекен үчүн күрөшкөн. Ал Сталинград салгылашуусуна катышкан. Согуштан кийин агартуу тармагында иштеп, элдин сабаттуулугун арттырууга зор салым кошкон.  

Ыйгарым укуктуу өкүл ардагерлерге Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан  «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы жана  Россия Федерациясынын Президентинин атынан «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалдарын  тапшырды.

Бул сыйлык облустагы  бардык 10 УАМ согуштун ардагерине  жана  279 ооруктун ардагерине тапшырылды.  

Ыйгарым укуктуу өкүл согуш ардагерлерине сак саламаттык, бакубат жашоо каалап, “согуш ардагерлеринин  арабызда болушу бизге дем- күч берет.Ар дайым эрдигиңиздерге таазим этебиз” деди.

Бул күнү ыйгарым укуктуу өкүл ардагерлерге резервдик фондунан 10миң сом, шаар мэри 100миң сомдон тапшырды.

Белгилей кетсек буга чейин Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына мамлекет тарабынан УАМ согуштун ардагерлерине 75миң сомдон, ал эми ооруктун ардагерлерине 15миң сомдон тапшырылган. 

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.