Муктаж болгондорго жардам бергендердин 80 пайызы аялдар, кыздар болууда. Бул тууралуу ыктыярчы, социалдык өнүгүү министринин кеңешчиси Эрнест Бөрүбаев видео кайрылуусунда айтты.

Маалым болгондой, Бөрүбаев жалгыз бой аялдарга, майыптыгы бар, татаал тагдырга туш болгондорго жардам берип келет. Өзүнүн айтуусунда, дал ошол жардам колун сунуп, даректерин бер, көмөк көрсөтөлү дегендер Алтынай Нарбаеванын курбулары, » Кайрымдуу кыздар», «Нурлуу кыздар», «Гузель кыздар» деген ыктыярдуу топторду түзүшүп, күнүнө 200, 300 үй- бүлөгө жардам берип жатканын билдирди. Ал эми жардам берем муктаждарга дегендердин 20 пайызы гана мырзалар болууда. Аз келгенсип алардын айрымдары, жалгыз бой аялдарды төшөккө чакырып, анан жардам берем дегендери да болгонун айтты.

https://www.youtube.com/watch?feature=share&v=_vzab1rn_Tg&fbclid=IwAR16kcuj2Lfa9_VGwePtsihSmhPnwQlgGNncOH2mtURQvC6sDdOj0BuWFXY&app=desktop