Иранда жер титирөө катталып, эки киши каза болду

301

Жумага караган түнү күнү Ирандын Тегеран жана Мазендеран провинцияларынын чек арасында жер титирөө болду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Иран сейсмологдорунун айтымында, күчү 5,1 баллга жеткен жер титирөөнүн борбору жети чакырым тереңдикте жайгашкан.

Окуянын натыйжасында эки адам каза болуп, 23 адам жаракат алышкан. Каза болгондор, качып бара жатканда башынан жаракат алган, экинчисинин жүрөгү токтоп калган.