«Айыл Банк» башкармалыгынын башчысы Бактыбек Шамкеев бүгүн, 8-майда брифингде өзгөчө кырдаал жана абал шартында кардарларын колдош үчүн банк 10 153 кардарына насыянын үстөгүн төлөө мөөнөтүн жылдырып бергенин айты. Бирок Шамкеев бул мөөнөт канча убакытка жылдырылганы, мөөнөтү бүткөндөн кийин үстөк кандай шартта төлөнөрү тууралуу толук маалымат берген жок.

«Айыл банк» жыл башынан бери 17 миң кардарга 4 млрд. сом өлчөмүндө насыя берген. Анын ичинен 793 млн. сом айыл чарба иштерин жүргүзүү максатында 1 108 кардарга берилген.

Белгилүү болгондой, өзгөчө кырдаал шартында ишканалардын, соода түйүндөрүнүн жана тейлөө кызматтардын ишин убактылуу токтотууга байланыштуу Улуттук банк коммерциялык банктарга насыялардын үстөк пайызын төлөө мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө сунуш менен кайрылган.