UFC уюмунун мурдагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор америкалык мушкер Оскар Де Ла Хойянын чакырыгын кабыл алды.

Бул тууралуу спорт басылмалары маалымдашты. Де Ла Хойя Макгрегор менен бокс эрежеси боюнча кармашууга ниеттенип жатканын билдирген жана, беттеш эки раундга созуларын айткан.

Ал эми Макгрегор «Мен Оскар Де Ла Хойянын чакырыгын кабыл алдым», — деп социалдык тармактагы баракчасына жазган. Эске салсак буга чейин 31 жаштагы Макгрегор бокс эрежеси боюнча америкалык Флойд Мейвезер менен беттешип, утулуп калган эле.