Баткен облус аймагына “COVID-19” илдетинин жайылып кетпөөсүнүн алдын алуу боюнча 2020-жылдын 22-марттан тарта облус аймагына өзгөчө кырдаал жарыяланып, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып баштады. Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Баткен шаарларында жана Кадамжай, Лейлек, Баткен райондорунда милиция кызматкерлери жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, өзгөчө кырдаал министрлигинен кызматкерлери менен санитардык-карантиндик посттордо чогуу иш алып барышты.

Ал эми жер-жерлерде кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери аймактык милиция бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен маршруттук топторго бөлүнүп, көчөдө жүргөн жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында жөө кайгуул күзөттөрү уюштурулган.

Ошондой эле айыл арасында милициянын айгырымдуу өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик кошуундар, коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрү, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте ар бир айылдын кире беришине автоунаалар үчүн дезинфекциялык постторду курушуп, жарандарды сабырдуулукка чакырып көзөмөлдү күчөтүшкөн. Кадамжай, Баткен, Лейлек райондорундагы жана Кызыл-Кыя шаарындагы милициянын көчмө кабылдамасы өздөрү тейлеген аймактарда ар бир көчөсүнө кирип үн чыгаруучу каражат менен жарандарды үйдөн чыкпоону, санитардык эрежелерди туура сактоону эскертип жатышат.

Баткен облусу коңшулаш Өзбек, Тажик республикалары менен чектешкендиктен чек ара аймактарында санитардык-карантиндик посттордо милиция кызматкерлери кезектешип иштеп, ал эми калк жыш жайгашкан калктуу конуштарда 3 кезек менен коопсуздук чараларын көрүүдө.

Баткен районунун коңшулаш Тажикстан менен чектешкен аймактарда милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ички коопсуздук аскер кызматынын 707 аскер бөлүгүнүн каскерлери менен кайгуул күзөттөрдү уюштуруп, элдин коопсуздугун сактоо максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Бүгүнкү күндө Баткен облус аймагында: Кызыл-Кыя шаарында -1 санитардык-карантиндик посту, Баткен шаарынын Төртгүл аймагында -1 блок посту, ички посттор – 13, ага 51 кызматкер тартылган, ал эми жөө кайгуул күзөттөрү- 38маршрутка бөлүнүп, бул маршрутка 105 кызматкерлер тартылып жеринде иш алып барышууда.

Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы