Социалдык тармактарда блогер, мурдагы прокурор Сыймык Жапыкеев мурда премьер-министр, министр болгон жана азыр Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеп жаткан Кубанычбек Жумалиевдин бийликте турган кезинде ыйгарым укугунан пайдаланып, коррупциялык иштерге аралашып бир катар жер тилкелерин, үй-мүлктөрүн өзүнө каратып алганын ачык айтып чыгып, коомчулуктун кызуу талкуусуна жем таштады.

Ал эми Кубанычбек Жумалиев айтылган сындарга дароо жооп кайтарып, эч кандай коррупциялык иштерге аралашпаганын, мал-мүлктөр туугандарыныкы экенин айтып, өзүн таза экенин тасыктап ыйык Куранды колуна алып ант дагы берди. Анткен менен баш мыйзам боюнча ар бир адамдын жеке менчик мүлкө кол тийбестик укугуна ээ.

Жеке менчик укугу корголушу керекпи? Бул суроонун тегерегинде тийиштүү адистерден жана жарандык активисттерден жооп алып көрдүк. 

Юридика илимдеринин доктору, юрист Бекбосун Бөрүбашев: Жапыкеев ушундай эле фактысы болсо кашкайтып көрсөтүп, ачыкташы зарыл.

— Сыймык Жапыкеевдин айткандарын көрүп чыктым. Бул жерде бир гана маселе Кубанычбек Жумалиев жөнүндө болуп жаткан жок жалпы Кыргызстандагы аткаминерлердин кандай жол менен байып, элди ушундай абалга алып келгени жөнүндө болуп жатат. Биз күнөөнү бир гана адамга койбостон маселенин түпкү тамырына көңүл буруубуз керек. Жапыкеев ушундай эле фактысы болсо кашкайтып көрсөтүп, ачыкташы зарыл. Бир жагынан бирөөнүн мал-мүлкүн шардана кылып, негизсиз айтып чыкканы моралдык жактан алып караганда туура болбой калат. Ошол эле учурда Жумалиев дагы мыйзам алдында өзүнүн актыгын далилдеп бериши зарыл.

КМДБнын фатва бөлүмүнүн адиси, дин аалымы Бактыяр ажы Токтогазы уулу: Жеке менчик мүлктү коргоого шарият жол берет

—  Шарият боюнча алып карасак кандай гана адам болбосун өзүнүн ак эмгеги, мээнети менен тапкан мал-мүлктөрү сөзсүз түрдө коргоого алынышы керек. Мыйзам жагынан дагы мүлктүн ээси дагы толук түрдө бирөөгө тарттырбастан коргоп алууга шарият жол берет. Эгерде мамлекеттик кызматта иштеп, коррупциялык иштерге аралашып, тоноп, ыйгарым укугунан ашкере пайдаланып мыйзамсыз иш аракеттерге барганы ачыкталса, жеп ичкени анык болсо сөзсүз түрдө мыйзамга жараша жазасын алып, абака кесилиши керек.

 Социалдык тармактын активдүү колдонуучусу Жамила Келгенбаева:

—  Азыр коомдо эл көзүнө көрүнө калып, аябай күйүп жанган киши болуп, парламенттен орун алууну ойлогондор көбөйдү. Тактап айтканда ошол эле Жапыкеев эмне үчүн ушунча убак унчукпай жүрүп бүгүн фонтандай атылып чыга калды. Кээде карап турсаң «Чоң казат » партия дессе, экинчиси уюм дейт. Эгер ошол партиябыз, уюмбу айтор эмнеси болсо да, эмне үчүн чириген байларды сындыргысы келсе баарынын тизмесин түзүп, элге көрсөтүп факт менен далилдеп, бизнесси менен тапкан байлыгы бул, мамлекеттик казынадан уурдаганы бул деп ачыктап бербейт. Баары бүтүп, Жумалиевдин шоусу башталдыбы. Эгер чындап коррупцияга каршы чыкса, мен чыгам, айтам, далилдейм дебей, тымызын изилдеп, иликтеп мына деп коомго алып чыкса деле болмок да. Бул жагынан алып караганда жөн эле кезектеги шайтан оюн сыяктуу элес калтырат. Анткени Жапыкеев алгач өзүнө аудитория топтоо үчүн түз эфирде прокуратура органдарынын иштерин милдеттерин айтып жүрдү. Кызматтык сыр деген болуу керек го деген ой туулат. Кыскасы шайлоо жакындаган сайын, кургур саясат бирөөсүн ырдатса, (Нурлан Мотуев) экинчисин чырдатып эптеп элдин эсине түшүүнүн айласын издеп жаткандай. Бир жагынан Жапыкеев жөн гана Чоң казаттын пиаршиги сыяктуу элес калтырат. Анткени түз эфирден эмнеге качат колунда далил болсо, Жумалиевдин жүзүнө карап, сен уруусун деп далилдер менен көрсөтпөйт беле. Алыстан айгай салып экран артына жашынганы эмнеси. Бир топ коомго белгилүү адамдардын өлүмүн ачыктайм деди. Эгер чындап тээ Акаев заманынан баштап казса, Бакиев, Атамбаев замандары кандай болот. Эмне үчүн калган эки президенттин заманы анча кызыктырбайт Жапыкеевди. Эгер чындап элге күйсө бизнестен иштеп тапкан мүлктү басып алууга бел байлабаса керек.

Булак: Kadam-media.kg