Бүгүн, 2020-жылдын 8-май күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров иш-сапарынын алкагында Баткен облусун​ кыдырууда.

Алгач, министр​ Замирбек Аскаров​Лейлек районунун​ Тогуз-Булак айыл аймагынын​ Кара-Булак айылында​ 2020-жылдын 2-май күнү катталган​ сел кирген турак үйлөрдүн жашоочулары менен жолугушту.​Аталган аймакка ӨКМ тарабынан 100 габион торчо жана атайын техника берүүнү тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди.

Андан соң, Исфана шаарынын сел кирген турак үйлөрдү жеринде көрүп, Пост ГАИ учаскасындагы сай жээгин механикалык тазалоо маселесин карады. Чимген айылындагы Шорбулак сайындагы сел алып кеткен тосмону калыбына келтирүү маселесин жеринен талкууланды. Беш-Бала айылындагы Исфана-Сай сайынан жөө адамдар өтүүчү көпүрө куруу жана механикалык тазалоо тууралуу буйрук берди.​ ​

Мындан тышкары, Самат айылындагы Исфана-Сай сайынын оң жээгиндеги селдин кесепетинен жуулуп кеткен сел тосмонун бүгүнкү абалы менен таанышты.

Эскерте кетсек,​ ​ Самат айылындагы Исфана-Сай өзөнүнүн оң жээгиндеги узундугу 150 метр коргоочу тосмонун 60 метр жерин сел суулар жууп кеткен. Сел тосмо 78,5 м³/сек ылайыкталган,​ 2-май күнү секундасына болжол менен 140-150 куб сел суу кирип, 60 метр жерин ​ жууп кетти. Аталган сел тосмо 24 турак үйлөрдү сел басып калуу коркунучунан сактап калды.

Министрдин иш-сапары Баткен районунун башка айматарында улантылат.

Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров түштүк аймактагы болуп өткөн сел каптаган​ аймактарды, ага кошумча​ кооптуу делген​ объекттерди​ жеринен кыдырып, табигый кырсыктардын алдын алуу багытында​ тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн​ Баткен​ облусунда иш-сапарда жүрөт. Аталган иш-чарага министрликтин тиешелүү башкармалыктарынын башчылары жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышууда.

КР ӨКМдин Басма сөз кызмат