Бүгүн, 8-майда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Касымбай Жолдошов менен Салахидин Токтобаевден кабар алып, өлкө башчысынын куттуктоосун жеткирди. Ардагерлерге КРнын президентинин мааракелик медалдары жана шаардык мэрия тарабынан 6 согуштун ардагерине 30 миң сомдон тапшырылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Ош шаарында 6 согуштун, тылдын 15 ардагери бар. Ардагерлерибизге мамлекет тарабынан жардамдар көрсөтүлүп, кабар алып турабыз. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын чоң салтанат менен өзгөчө майрамдоо пландалган болчу. Карантинге байланыштуу салтанаттар өтпөй турган болгон. 6 согуштун ардагери болгон аталарыбызга президентибиз тарабынан ар бирине 75 миң сомдон берилген. 15 тылдын ардагерине 15 миң сомдон берилди. Бүгүн да ардагер аталарыбыздан кабар алып, президентибиздин жеке куттуктоосун жеткирип, мааракелик медалдарды тактык. Мэрия тарабынан да 6 согуштун ардагерине 30 миң сомдон, тылдын 15 ардагерине 15 миң сомдон тапшырдык. Бир гана майрамдарда гана эмес, башка убакта да кабар алып турабыз.

Мамлекет тарабынан көңүл бурулуп, ай cайын согуштун ардагерлерине 17 миң сомдон жөлөкпул, ооруктун 4 мүмкүнчүлүгү чектелген катышуучусуна 2 миң сомдон жана 11 тылда эмгектенген ардагерлерге 1000 сомдон берилип турат. Мындан тышкары, ар кандай жеңилдиктер да бар”, — деп билдирди Ош шаарынын мэри Т. Сарыбашов.