Орусиянын Москва шаарында «Жаңылан» уюмунун алдында түзүлгөн “Мекендештерди колдоо” штабы бүгүнтөн тарта иштей баштады.

Анын негизги максаты түзүлгөн кырдаалга байланыштуу жардамга муктаж мекендештерге көмөк көрсөтүү болуп саналат.

Мындай демилгени алгачкылардан болуп Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев колдоого алды.

«Жаңылан» уюму Москвада атайын штаб ачып, мекенчил жаштар чогулуп, ишти башташты, аларга чоң рахмат айтабыз! Мен өз айлык маянамды чогултуп, 70 миң сом каражат которуп баштап бердим. Эми мекендештерибиздин тагдырына кайдыгер карабаган уул-кыздарыбыз улап кетет деп үмүт кылам жана ишенем”, – деди Жанар Акаев.

Аталган штаб биричи кезекте оорулууларга, кош бойлуу айымдарга жана кары-картаңдарга азык-түлүктөн жардам берет.

Буга чейин Кубанычбек Алибеков башында турган «Жаңылан»  эл аралык уюму депутат Жанар Акаев менен биргеликте Москвада жумушу убактылуу токтоп, муктаждыкка кабылган 100 үй-бүлөгө азык-түлүк тараткан.