Бүгүн Ош облусунда, Ош шаарында, Баткен жана Ысык-Көл облустарындагы жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алып,  Президенттин атынан 9-май Улуу Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттукташты.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын президентинин атынан «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы жана Россия Федерациясынын президентинин атынан «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалдарын тапшырды.